Депутаттар премьер-министрдин иш сапарын токтотуп, парламентке келүүсүн талап кылышууда
"Мыйзамдын тили менен сылык-сыпаа айтса түшүнбөйт окшойсуңар. Бул жерде 4 министрден сырткары жалаң колунан эч нерсе келбегендер, маселе чече албай турган адамдар отурат. Бүгүн өкмөттүк күн өткөргөн туура эмес. Мунун баары стенограммада калат, кийин биз кимден сурайбыз? Премьер-министр иш сапарын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке келсин же бүгүнкү жыйынды башка күнгө которолу",- деди Курманбек Осмонов ЖКнын учурда өтүп жаткан пленардык жыйынында. Соңунда бул талаш добуш берүүгө коюлуп, премьер-министрдин жоктугуна карабай өкмөттүк күн өтмөй болду.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















