super.kg logo

Быйыл ички дүң продукциянын өндүрүмү 51 миллиард сомду түздү

 

Үстүбүздөгү жылдын январь-февралында ички дүң продукциянын көлөмү, алдын ала баалоо боюнча, 51 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Улуттук статистикалык комитеттин 2015-жылдын январь-февралындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктарын талкуулоо учурунда статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева маалымдады. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 9,5 пайызга жогорулады.

“Ички дүң продукциянын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келип, ал ички дүң продукциянын жалпы көлөмүндө 50 пайызга жакын көрсөткүчтү түздү. Өнөр жайдын үлүшү 24 пайыздан ашты. Айыл чарбасы 9 пайызга жакындады, курулуш 4 пайызды түздү.

Январь-февралда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 34 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-февралына салыштырганда 30,9 пайызга өстү. Бирок “Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда, продукциянын көлөмү бул мезгил ичинде 2,6 пайызга азайды”,- дейт Турдубаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: