Эшектердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 14 миңге азайган




Эшектердин саны 2013-жылы 77 миң болсо, 2014-жылы алардын саны 14 миңге азайып, 63 миңди түзүп калган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында Айыл чарба статистика башкармалыгынын башчысы Гүлзейнеп Мурсабекова билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин республиканын аймагында малдын жана үй канаттууларынын бир жолку каттоосу жүргүзүлгөн. “Каттоонун маалыматтары боюнча, айыл чарба жандыктарынын (чочкодон тышкары) негизги түрлөрүнүн санынын өсүү тенденциясы сакталууда. Ири мүйүздүү малдын эң көп үлүшү Ош (жалпы сандын 23,4 пайызы), Жалал-Абад (20,2 пайыз) жана Чүй (18,2 пайыз) облустарынын, кой жана эчкилер Жалал-Абад (20,9 пайыз), Ош (19,0 пайыз) жана Нарын (17,0 пайыз) облустарынын, жылкылар Нарын (23,3 пайыз), Ысык-Көл (21,3 пайыз) жана Ош (20,8 пайыз) облустарынын чарбаларына туура келди”,- деди Мурсабекова.



Же болбосо БИШКЕКти БЭШЕК деп койбойлубу.
Провокация жарата турган, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.