super.kg logo

Былтыр республика боюнча 27 миң кылмыш катталган

 

2014-жылы республика боюнча 27 миң кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Улуттук статистика комитетиндеги маалымат жыйын учурунда Социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева Ички иштер министрлигинин маалыматтарына шилтеме берип билдирди. Анын айтымында, кылмыштардын жарымынан көбүн менчикке байланышкан кылмыштар: уурдоо, тоноо, карактоо, опузалоо, алдамчылык, мал уурдоо жана башкалар түзгөн. “Мындан сырткары өткөн жылы 16 миңден ашык кылмыш кылган адам аныкталган. Алардын ичинен жарымына жакынын 30 жашка чейинкилер, 76 пайыздан ашыгын эч жерде иштебегендер жана окубагандар, 13 пайызын аялдар, 6 пайызын жашы жете электер түздү”,- дейт Сооромбаева. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: