Швейцариялык адистер Ысык-Көл облусунда сүт азыктарын иштетүү боюнча долбоор сунуш кылышты








Швейцария мамлекетинин өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сүттү өндүрүү боюнча жаңы долбоор сунушташты. Алардын айтымында, сүттү иштетүүдө сунушталган долбоор комплекстүү болуп, анда бардык кызматтар камтылган.
Бүгүн, 11-мартта өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, долбоордун программасы малды идентификациялоо жана вакцинациялоо системи менен башталып, өнүдүрүлүп алынган сүт азыктарынын сапатын жогорлатуу жана экспорттук рынокко алып чыгууда жаны мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылуу менен Евразия экономикалык биримдигинин стандартына жооп берүү иштери каралган. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосуна алынуучу аталган долбоордун негизги багыты облустун экономикалык жактан өсүшүнө жана коомчулукту жумуш орду менен камсыз кылууга салым кошуу болуп саналарын айтышат чет элдик адистер. Мындай сунушту талкууга алуу үчүн облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун башчылары жана сүт өндүрүү боюнча жеке ишкерлер чогулушту. Кыргыз өлкөсүнүн Бажы биримдигине кириши менен өндүрүшкө болгон талаптар да чоң болорун айтып, Э.Каптагаев сунушталган долбоор Ысык-Көл облусунун экономикалык жактан өсүшүнө чоң шарт түзөрүн белгиледи.


