Жалал-Абад. Иштен чыккан "Курманбек" стадионун оңдоп-түзөөгө 35 миллион сом бөлүндү




Бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардын тургундары менен мэрдин жолугушуусу болду. Мэриядан кабарлашкандай, анда мэр шаар аймагында тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү начар болуп жатканын белгилеп, "баарыбыз өзүбүздөн башташыбыз керек" деп айтып өттү. Ошондой эле 2015-жылга аткарылуучу жумуштар жөнүндө кеңири маалымат берди.
"Колдонууга жарабай калган шаарыбыздагы "Курманбек" стадиону заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, толук кандуу ишке киргизилет. Ага 35 миллион сом бөлүндү. Мындан тышкары унаа тыгындарын болтурбоо үчүн Ленин көчөсү 4 метрге кеңейтилет, Токтогул атындагы, "Жеңиш" сейил бактарын, Манас, Тарсус, Н.Айтматова көчөлөрүн, Пушкин - Бакиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Пушкиндин эстелигин жана анын айланасын, шаардык мэриянын имаратынын сыртын жана айланасын, айланып өтмө жерлерди оңдоп-түзөө иштери, ошондой эле тротуарларды салуу ушул жылы аткарылат",- деп билдирди.
Мындан тышкары борбордук көчөлөргө күндө суу чачылып тазаланарын белгиледи мэр. Жыйындын жүрүшүндө ошол оңдоп-түзөлүүчү жерлердин келечектеги, ондолгондон кийинки көрүнүштөрүн жыйындын катышуучуларына көрсөтүп, түшүндүрүп берди.




1 |