Ыргал Кадыралиева көчөгө таштанды ыргыткан адамдарга айып пулду 2000 сом кылууга каршы
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева көчөгө (таштанды челегине эмес) таштанды ыргыткан жеке адамдарга айып пулду 2000 сомго көтөрүүгө каршы. Муну депутат парламенттин 11-марттагы жыйынында билдирип: "Буга чейин башка мыйзамды кабыл алып, көчөнү булгагандарга айып пулду 500 сомго чейин көтөргөнбүз. Азыркы сунушталып жаткан мыйзамдын иштеши кыйын. 2,5 миң сом пенсия алган адамга кантип 2 миң сом айып салабыз? Мындай айыпты ири ишканаларга, мекемелерге салсак болот. Маселени чечүүнүн башка жолун кароо зарыл",- деди.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Сайдулла Нышанов: "2,5 сом пенсия алгандар көчөгө таштанды ыргытпайт. Таштанды ыргыткандар ошол акчасы көптөр... Унаасында бара жатып таштандысын сыртка ыргыткандар тууралуу сөз болууда",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

