Ата-энелер: “Балдарыбыз “Себатта” эшек этин жешкен эмес, депутат Жылдызкан Жолдошова билип-билбей эле айтып жатат"



“Балдарыбыз “Себатта” эшектин этин жешкен эмес, биз текшерип турабыз. Буга окшогон ушактарды билип-билбей туруп депутат Жылдызкан Жолдошова айтууда”. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта маалымат жыйынында “Айчүрөк” лицейинде кызын окуткан Асылкан Шайназарова билдирди. Анын айтымында, эл өкүлдөрү аталган окуу жай жөнүндө ар кайсы жерден угуп, аны жыйындарга талкууга алып чыгып жатышат.
“Жылдызкан Жолдошова өзү “Себатка” бир да басып келген эмес. Эч нерсе көрбөй туруп кантип каршы чыкса болот, айткылачы? Мисалы, биз ичинен көрүп турабыз, балдарыбыз окуп жатат. Кайсы ата-эне өзүнүн баласына акча төлөп жамандык кааласын? Бул акылга сыйбай турган нерсе. Керек болсо аталган лицейлерде мен билгенден эле депутат Төрөбаевдин, Абдрахмановдун, Текебаевдин балдары окушат.
Анан кээ бир маалымат каражаттарында "Себатта" эшектин эти берилип жатыптыр" деген кеп чыгып кеткен. Бул чындыкка жатпайт. Ал жерде балдар жеген тамакты мугалимдер, биз да күн алыс барып текшерип жеп турабыз. Айта кетсем, биздин балдар кээ бир мектеп окуучуларына караганда сонун тамактанышат.
Кааласаңыздар ата-энелер комитети журналисттерге пресс-тур уюштуруп, баарын ичинен көрсөтүп бере алат”,- дейт Шайназарова.



Эшек этин жегенин эч ким билбейт
дагы бир куну айтарбыз
ал жон эле ичеги эти эле дееп
ошол повар Манас айылынан
Эшек этин саткан ошол айылдан ))) девелечи