Кыргыз жеринде айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча тийиштүү уюмдар 2 пайыздык төлөмдөн бошотулушту
Президент Алмазбек Атамбаев “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 28-январында кабыл алган.
Мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу болгон адистештирилген уюмдарын жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө жана өнүктүрүүгө каралган каражаттын 2 пайыздык чегерүүсүн төлөөдөн бошотуу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















