super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибине өзгөртүү киргизди

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 10-мартта кол койгон токтомго ылайык, Кыргыз Республикасындагы Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды сунуштоо эрежесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Аталган токтом аркылуу курулуп жаткан объектилердин инженердик тармактарга технологиялык кошулуусу үчүн бирдиктүү акы төлөөнү киргизүү, техникалык шарттарды алууда бир катар процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды сунуштоонун жалпыга бирдиктүү жана экономикалык жактан негизделген, түшүнүктүү, ачык-айкын эрежесин орнотуу каралууда. Бул өз кезегинде техникалык ресурстарды камсыздоочулардын балансындагы тармактарды реконструкциялоо жана алардын кубаттуулугун жогорулатуу үчүн топтолмо фонддорду түзүүгө мүмкүндүк бермекчи.

Кабыл алынган токтом бизнес үчүн бир катар керектүү нормаларды камтыйт. Тактап айтканда, техникалык шарттарга камтылчу өзгөчө маалыматтардын тизмеси орнотулат. Алардын иштөө мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү киргизилет. 

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, бардык куруучулар үчүн бирдей шарт түзүлүп, техникалык шарттарды алуудагы коррупциялык көрүнүштөр кыскармакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: