Ош-Бишкек жолунда кескин өзгөргөн аба ырайына байланыштуу унаалар тыгынга учурады
Бүгүн, 11-мартта Ош-Бишкек жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде унаалар тыгынга учурады. Бул тууралуу тыгынга күбө болгон Тынчтыкбек Турдалиев интернеттеги өздүк баракчасына жазып чыкты. Анын билдирүүсүнө караганда, катарга тизилген унаалар 2 чакырымдан ашык жерди ээлешти. Мындай тыгынга аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болгонун айтат ал.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Интернеттен алынды
Кошумчалай кетсек, Кыргыз гидрометеорология борборунан 11-марттан 13-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука, Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Мырзаке, Кара-Кулжа, Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол, Эңилчек (45-90-чакырымдары), Казарман, Ак-Тал-Чат (67-94-чакырымдары, Кара-Көө ашуусу), Миң-Куш, Арал (1-19-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталары, жолдор тайгак болуп, муз тоңору кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















