Унду байытуу талабын бузгандарды жоопкерчиликке тартууга парламент уруксат берди
Унду премикс менен байытуу тартибин бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун парламент 3-окууда жактырды. Долбоорго ылайык, өкмөт менен келишим боюнча жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына протокол түзүү, премиксти, байытылган унду алып келүү режимин, тендер
өткөрүүнү бузгандык үчүн күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселелери
боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизми каралган. Байытылган нан унун пайдалануу боюнча коюлган талаптар аткарылбагандыгы үчүн айыптын өлчөмү 50дөн 100 эсептик көрсөткүчкө чейин деп каралган.
Автор: Нургазы Аматов
Эми бул мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

