"Коомдо зомбулукту азайтуу үчүн социалдык кызматкерлерди көбөйтүү керек" дейт тегерек столдун катышуучусу




"Коомдо зомбулукту азайтуу үчүн социалдык кызматкерлерди көбөйтүү керек". Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта тегерек столдун жүрүшүндө Биринчи Май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Зееркүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, социалдык кызматкерлер жетишсиз, алардын аздыгынан коомдо зомбулук көрсөткүчтөрү өсүүдө.
“Бизде штат аз, болгону 6 адам иштейбиз. Айлыгыбыз 6800 сом. Муну менен катар өз акчабызга үйлөрдү кыдырып жүрөбүз. Мисалы, бир эле жаңы конушка барып келиш үчүн 50 сом кетет. Негизи, социалдык кызматкерлерге көңүл буруп, аларды көбөйтүш керек”,- дейт Жээнбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Тактап кабар берип койгонго аракет кылабыз.