super.kg logo
  Саясат  

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Эскерүү эстафетасы” акциясы кыргыз жеринде 27-мартта өтөт

 

Бүгүн, 11-мартта Минск шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы старт алды. Аталган эстафета Бишкекке 27-мартта берилет. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, акциянын алкагында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

“Эскерүү эстафетасы” Баку, Кишенёв, Ереван, Дүйшөмбү, Москва жана Астана шаарларында өткөрүлөт.

КМШ мамлекеттеринин парламентчилери катыша турган акция Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу астында болот.

"Бардык шаарлардан Санкт-Петербург шаарына Өчпөс оттун бөлүкчөлөрү жеткирилет. Быйыл 16-апрелде Таврика сарайындагы КМШ ПААнын штаб-квартирасында салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү шериктештиктин биримдигин символдоштуруучу Өчпөс оттун бөлүкчөлөрүн бир отко бириктирет",- деп маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: