super.kg logo
  Саясат  

Евросоюз жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Тажикстанда экстремизм, аймактык коопсуздук көйгөйүн талкуулашты

 
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 11-мартта Борбор Азия менен Европа биримдигинин ортосунда жогорку деңгээлдеги коопсуздук боюнча диалогдун жыйыны өттү. Ага кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев баштаган делегация катышты. ТИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, жыйында аймактык коопсуздук чакырыктары жана көйгөйлөрүнө байланышкан олуттуу маселелер, ага каршы туруу чаралары талкууланды. Терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду. "Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Евросоюздун өкүлдөрү коопсуздук боюнча Евросоюз тарабынан ишке ашырылчу аймактык долбоорлор жана программаларды талкуулашты",- деп билдирет ТИМ.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: