Аида Салянованын күйөөсүнө дагы бир айып тагылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы 11-мартта мурунку башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, натыйжасы оор кесепеттерге алып келгени боюнча дагы бир айып такты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, Абдыкапаров 2014-жылы козголгон кылмыш иши боюнча айыпталууда. Бул иш мамлекеттик сатып алууда ири суммадагы келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөндүгүнөн улам козголгон. Тергөө башкармалыгы "аталган кылмыш алдын ала макулдашылып жасалган" деген пикирде. Биринчи Май райондук соту Б.Абдыкапаровду үй камагында калтырды.
Айта кетсек, буга чейин Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү”, "алдамчылык" беренелери боюнча айып тагылган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

