Ошто студенттердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган сынак-фестиваль старт алды









Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын 90 жылдык мааракесине арналган республикалык деңгээлде “Педагогикалык дебют-2015-5” сынак-фестивалы башталды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда башкы максат сынак аркылуу студенттердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү, алардын мыкты адис болуп чыгуусуна студенттик мезгилден көмөктөшүү, мектептерге сапаттуу адистерди даярдоо болуп саналат. Сынактагы ар бир студент шаардагы мектептерде ачык сабактарды өтүү менен 3-баскычка упай топтошот. Ага Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана Улуттук университеттин студенттери катышышты.
Белгилей кетсек, бул сынакта студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгү, дидактикалык көргөзмө куралдарды жасоодогу чеберчилиги, интеллектуалдык деңгээли бааланат. Сынак-фестиваль 3 турдан туруп, ачык сабактардан утуп чыккан конкурсанттар 3-турда өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүүсү менен жыйынтыкталат.


