Туруктуу сүйүүнү баяндаган "Поларис шооласы" аттуу тасманын бет ачары өтүүдө
Жаш актёр Амантур Мусаев бул тасмада башкы каармандын образын жараткан.


Жаш актёр Амантур Мусаев бул тасмада башкы каармандын образын жараткан.

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде туруктуу сүйүүнү баяндаган “Поларис шооласы” аттуу көркөм тасманын бет ачары өтүүдө. Ага Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, тасманын жаратуучулары, башкы каармандар, кино сүйүүчүлөр катышууда.
Фильмдин режиссёру, сценаристи - Камчыбек Илиязов. Башкы каармандардын образын актёрлор Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов жаратышкан.
“Тасманы тартуу иштери 2014-жылдын май айында башталып, жакында аяктады. Кыргыз жеринин кооз жаратылышында, Түркиянын Анталия шаарында тартылды. Тасма жаштарга таалим-тарбия берет деген ойдомун. Анткени фильмде адеп-ахлак маселеси камтылган”,- деди К.Илиязов.
Туруктуу сүйүүнү баяндаган "Поларис шооласы" тасмасы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, уга аласыз: http://www.super.kg/media/uservideo/135321/