Аймактык салык органдары каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүлөрдү издөө боюнча бир айлык жарыялайт
Салык
органдарынын жетекчилеринин иши алардын иш пландарынын аткарылышына карата бааланат. Бул тууралуу 12-мартта Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Аймактык
салык кызматтарынын бир катар жетекчилери салыктык каттоодон өтпөгөн салык
төлөөчүлөрдү издөө боюнча бир айлык өткөрүүнү пландаганы айтылды.
"Жетекчилер ижарага берилген жерлер боюнча, ошондой эле жерлерди жана мүлктөрдү сатып алуу-сатуу, жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик каттоо органдары жана башка кызматтар менен тыгыз кызматташуунун эсебинен өздөрүнүн райондорундагы салык салынуучу базаны көбөйтүүнү пландап жатышат",- деп билдирди мекеме.
Алкоголдуу продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу жана өндүрүлгөн алкоголдуу продукциянын көлөмүн эсепке алуу жана толук көзөмөлдөө үчүн бир катар мыйзамдарга түзөтүү киргизүү каралып жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

