super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: "Чек ара кызматынын офицери балдарын апасынан тартып алып, бербей жатат"

 
Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова үй-бүлө чырына байланыштуу жарандардын биринин көйгөйүн көтөрдү. Гүлназ аттуу айымдын кайрылуусунун мазмуну тууралуу депутат буларды айтты:
"Үй-бүлөлүк зомбулук күчөп жатканы белгилүү. Мага кайрылган айым күйөөсүнүн зомбулугуна чыдай албай, эки баласын жетелеп апасынын үйүнө кетип калган экен. Күйөөсү ал жакка барып, апасынын көзүнчө кызын кордоптур. Мындан кийин келин балдарын апасына таштап, Орусияга кетет. Күйөөсү балдарын тартып алып, эми көргөзбөй жатыптыр. Айымдын күйөөсү ким экен деп кызыгып көрсөм, Чек ара кызматынын борбордук аппаратында иштеген офицер экен. Аны чакырып алып сүйлөшүп, жообун угуп таң калдым. Унчуккан жокмун, маселеңерди өзүңөр чечишип алгыла деп гана айттым. 
Мага жолуккандан кийин деле балдарын апасына көрсөтпөй жатат. "Арызданчуң ошол Мамыровабы? Менин андан да чоң кызматта иштеген тааныштарым бар" дептир. Аял арыз жазып, маселени сот аркылуу чечейин десе, арызын эч жерге кабыл алдыртпай жатыптыр. Анткени бир агасы Ошто милицияда иштейт экен. Балдар атасына гана эмес, апасына да тийиштүү. Буга тийиштүү органдар чара көрүшсүн". 
Депутат бул фактыга соттор да олуттуу көңүл бурушу керектигин кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: