super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жеңүүчү компанияга байланыштуу ички иштер министринин позициясы түшүнүксүз экенин айтышты

 
Бүгүн, 12-мартта парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина ички иштер министри Мелис Турганбаевдин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендерден утуп чыккан "Стилсофт Бишкек" ишканасына ишенбегени түшүнүксүз экенин айтты. 
"Тендердик комиссиянын курамында парламенттин 5 депутаты болгон. Мындан тышкары өкмөттүк эмес уюмдардын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү да бар болчу. Бизге тендердин катышуучулары боюнча маалыматтарды так алууга мүмкүн болгон. Тендердин жүрүшү телеберүүдө да көрсөтүлгөн, баары ачык-айкын өттү",- дейт Карамушкина. 
Карамушкина өкмөткө кайрылып, буларды айтты: "Кечээ министр Мелис Турганбаев жеңүүчү компанияга ишенбестигин жарыялады. Демек, ал өзүнүн орун басары Курсан Асановго ишенбейт. Эгер мындай болсо, Турганбаев тендердик комиссияга өзү кириши керек болчу. "Коопсуз шаар" долбоору кыргыз өлкөсүндө ишке ашырылышы керек. Башка мамлекеттерде ийгиликтүү жүрүп жатат, кылмыштарды ачыкка чыгаруу пайызы өсүүдө. Бул маселени тезирээк чечүү керек".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: