Ибрагим Жунусов Түркиянын вице-премьери менен өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөнү талкуулады
Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 11-мартта Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, жолугушууда Жунусов соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын 8-жыйынынын ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланышты бекемдөө үчүн бардык күчтү колдонуу зарылдыгын айтты. Мурда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу керектигин кошумчалады.
Жолугушуу жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү үчүн керектүү ишти жүргүзүү макулдашылды.
Айта кетсек, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын 8-жыйыны Бишкекте 2014-жылдын 24-26-декабрында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















