Мыктыбек Абдылдаев: "Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаттагы багытын так аныктоо зарыл"
Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев тышкы иштер министрин парламентке чакырып, кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты, анын геосаясий айдыңда ээлеген орду тууралуу так маалымат алуу керектигин айтты. Депутат өлкөнүн эл аралык мамиледеги абалы учурда анчалык жакшы эмес экенин айтат. "Кыргыз Республикасына саясий жана экономикалык жактан өнөктөш болгон айрым өлкөлөргө карата чабуул коюлууда. Ошондуктан өлкөнүн тышкы саясаты жаатында так маалымат алып, анын багытын аныктоо зарыл",- деп билдирди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

