18 жашка толо элек ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 28 пайызы гана окушат




18 жашка толо элек ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 28 пайызы гана окушат. Бул тууралуу бүгүн, 12-март күнү акыйкатчынын 2014-жылдын жыйынтыктарын чыгарган тегерек столдун жүрүшүндө белгилүү болду. Иш-чаранын катышуучусу, Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакуновдун айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жумушка орношуу укуктары тепселенүүдө.
“Өлкөдө жашы 18ге жете элек ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жалпы саны 26 672ни түзөт. Алардын 7442си гана окушат. Бул эмнени билдирет? Билим албаган бала кийин кантип иштейт? Муну менен катар КРнын Эмгек кодексинин 314, 315-беренелерине ылайык, 2013-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын жумушка орношушуна 755 квота бекитилген. Бирок ал квоталар боюнча болгону 100 адам иштеп баштаган.
Ал эми 2014-жылы 673 квота бөлүнгөн, бирок жумуш берүүчүлөр мындай кызматкерлерди жумушка каалоосуз алышат. Анткени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын шарттарды түзүү керек. Ушул маселеге көбүрөөк көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз”,- дейт Мамбетакунов.


