super.kg logo
  Саясат  

Туратбек Мадылбеков: "Дарыканага барсаң бир дарынын 5 түрү бар, кайсынысын колдонобуз?"

 
Парламенттин 12-марттагы жыйынында бир катар депутаттар дарылардын кымбаттыгы тууралуу маселе көтөрүштү. Депутат Туратбек Мадылбеков дарылардын сапатын көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтат. "Дарыканага барсаң бир дарынын 5 түрү бар. Бири Дубайда жасалса, экинчиси Египетте, башкасы Словакияда. Дарыканадан дарылардын айрымдары оригинал, башкалары андай эмес экенин айтышат. Кайсынысын колдонушубуз керек? Медицина тармагында баш аламандык токтобой жатат",- дейт депутат. 
Депутат Турсунбай Бакир уулу: "Азыр сом менен рублдун курсу бирдей болуп калды. Эмне үчүн Орусияда 2 миң сом турган дары кыргыз мамлекетине келгенде 6 миң сом болуп кетүүдө? Өткөндө спикер бул жаатта чаралар көрүлө турганын айтты эле, кана?"- деди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: