“Түндүк электр” ишканасына электр энергиясын керектөөчүлөр тарабынан өткөн айда 2,5 миң чалуу түшкөн
Февраль айынын ичинде “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун кардарлар менен байланышуу борборуна 2553 чалуу түштү. Борбордун операторлору орточо эсеп менен күнүнө 100-125 чалууларды кабыл алышкан. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кайрылгандардын көбү аласа карыздарын жапкан соң аларды эрте кошуу өтүнүчтөрү менен кайрылышкан. Андан тышкары туура эмес эсеп-дүмүрчөктөр, тейлөө сапаты жана электр энергиясы менен камсыздоо тууралуу суроолор болду.
Эске салсак, “Түндүк электр” ишканасы январь айынан тарта кардарлар үчүн чалуу борборун ишке киргизип, күнү-түнү электр энергиясын керектөөчүлөрдүн кайрылуусун көп каналдуу телефон чубалгысы аркылуу тейлешет. Абоненттер 1209 номуруна чалуу менен электр энергиянын өчүрүү себептерин билип жана кеңеш ала алышат.


