"Жер айдоо башталды, мамлекеттин кампасында 1 килограмм жер семирткич жок" дешти депутаттар
"Мамлекеттин кампасында учурда 1 килограмм жер семирткич жок",- деп билдирди парламенттин 12-марттагы жыйынында депутат Талант Узакбаев. Депутат дыйкандарга керектүү болгон үрөндүн жоктугун, жеңилдетилген насыя берүү боюнча өкмөттүн тийиштүү токтому кабыл алына электигин айтып, өкмөт жазгы талаа иштерине даярдык көрүүнү кечиктирип жатканын айтты.
Депутат Бакыт Төрөбаев: “Экономикалык абалы биздикиндей болгон Тажикстан азыр алдыга жылып, чет өлкөлөрдөн жүзүмдүн жаңы сортторун алып келип, жаңы логистикалык борборлорду курууда. Тендер, кадр, шайлоо маселелерин ойлонбой, өкмөт элдин оорлоп бара жаткан абалын, жазгы талаа иштерин ойлонсун”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

