Вьетнам менен кыргыз өлкөсүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу процесси талкууланды



Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов 11-мартта Ханой шаарынын жана Вьетнамдын Соода жана өндүрүш министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Анда кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин 2014-жылдын февраль айында Вьетнамга жасаган иш сапарында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү.
Бишкек жана Ханой шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, эки шаардын мэрлеринин иш сапарларын уюштуруу маселеси талкууланды.
ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Вьетнамдын соода жана өндүрүш министринин кыргыз мамлекетине болчу иш сапарын уюштуруу тууралуу сөз болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

