Чүй облусунда жыл башынан бери 8 зордуктоо фактысы катталды
Чүй облусунда жыл башынан бери 8 зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, 2 ай аралыгында Чүй облусунун аймагында катталган 8 зордуктоо фактысынын ичинен 6 кылмыштын бети ачылган. Ал эми былтыр алгачкы 2 ай аралыгында 13 зордуктоо катталып, анын 12синин бети ачылган. Ошондой эле жыл башынан бери 14 адам өлтүрүү фактысы катталып, 12 кылмыштын бети ачылган. Ден соолукка атайылап зыян келтирүү боюнча 12 факт катталып, 9 иштин бети ачылып, кылмыштардын бетин ачуу 75 пайызды түздү. Каракчылык боюнча 27 факт катталып, 24 кылмыштын бети ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.