super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жана Катар мамлекеттеринин айыл чарба тармагындагы кызматташуусу талкууланды

 

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Катар мамлекетинен келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 12-мартта маалымдады.

Катардын экономика жана соода министринин орун басары, аталган өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси катышкан жолугушууда Катар жана кыргыз мамлекеттеринин айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды. 

Катар делегациясынын башчысы Жасим бин Жабер аль-Тани: "Силерде экологиялык таза продукция өндүрүлөрүн билебиз. Биз эт, мөмө-жемиштерин алууга кызыкдарбыз. Сапат биз үчүн биринчи орунда турат. Баасын сүйлөшүп, ташуу жолдорун чечип алышыбыз керек. Ошондой эле төө буурчакты экспорттоону да караганга даярбыз",- деди. 

Катардан келген делегация жергиликтүү дыйкандар өстүргөн мөмө-жемиштерди көрүп чыккандан кийин тараптар кызматташууга даяр экенин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: