super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кочкордо 500 орундуу мектептин ордуна 275 орундуу мектеп курулса, калган окуучулар кайда барышат?"

 
Бүгүн, 12-мартта парламентте депутат Майрамкүл Тиленчиева Ак-Жар айылындагы 500 орундуу, жараксыз абалга келген мектептин ордуна 275 орундуу мектеп курулганы жатканын айтып, "Калган жарымы кайда окуйт?" деген маселени койду. 
Анын айтымында, Кочкор районунун Шамшы айылындагы мектепте да дал ушундай эле көрүнүш. Эл өкүлү курулганынан көп өтпөй жараксыз абалга келген мектепти салган “Хан-Теңири” компаниясы жоопкерчиликке тартылбай жүргөндүгүн кошумчалады.

Карамат Орозова Баткен районундагы Бөжөй айылындагы мектеп жер титирөөдөн окуу жүргүзүүгө жарабай, кооптуу абал түзүлгөнүн айтса, Таалайбек Ибраев Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы мектепте ашкана, спорттук залдын жоктугуна өкмөттүн көңүлүн бурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: