super.kg logo
  Саясат  

Парламент улуттар аралык мамилени бекемдөөгө багытталган мыйзам кабыл алды

 
Жогорку Кеңеш бүгүн, 12-мартта кыргыз жеринде этностор аралык мамилени бекемдөөгө багытталган мыйзам кабыл алды. Документте этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди ишке ашыруу милдети жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тапшырылары белгиленет. Мыйзамга ылайык, аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн аким кызмат ордунан бошотулат.
Мыйзам долбооруна 97 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: