super.kg logo

Сүйүү, достук, көрө албастык чагылдырылган “Поларис шооласы” аттуу тасма эл назарына коюлду

 
Тасмада жаш актёр Амантур Мусаев терс каармандын ролун жаратыптыр.
Башкы каармандын ролун жараткан Чолпон Темирбекова: "Фильмде ыйлаган учурумду ачып берүү кыйын болду".
Улан Медеркулов башкы каармандын ролун ойногон.
Тасманын режиссёру Камчыбек Илиязов: "Фильмдин тарбиялык мааниси зор. Анда ыйман темасы камтылып, жаштарды аруулукка, туруктуулукка үндөйт”,- деди.
Фильмдин ачылыш аземине Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев катышты.
Тасманын жаратуучулары.
Фильмден үзүндү.

Бүгүн, 12-мартта “Поларис шооласы” аталышындагы көркөм тасманын бет ачары болду. Анда арзышкан эки жаш Чолпон менен Нурбектин махабаты сүрөттөлөт. Алар кара санатай достору уюштурган план менен эки айрылыш жолго түшүшөт. Чолпонго жигитинин жол кырсыгынан каза болгонун кабарлашса, Нурбекке сүйгөн кызы башкага күйөөгө чыгып кеткенин айтышат. Мунун баарын Чолпондун курбусу Алиман Нурбекти имерип алуу максатында ойлоп табат. Азапка баткан Чолпон сүйүүсүн унутуу үчүн Анталияга сапар алат. Бирок ортодогу жылдардын өтүшү эки жаштын сүйүүсүн өчүрө албайт. Акыры чындык ачыкка чыгып, тагдыр арзышкандарды кайрадан бириктирет.

“Поларис - Алтын Казык жылдызы. Ал башка жылдыздардай болуп айланбай, бир жерде тургандыктан, эки жаштын туруктуу сүйүүсүнө салыштырып тасманы ушундай атадык. Фильмдин бюджети көп сумманы чапчыды. Алсак, Түркияга барып-келүүгө 20 миң доллар керектелди. Ал эми жалпы канча акча кеткени сыр бойдон эле калсын. Фильмдин тарбиялык мааниси зор. Анда ыйман темасы камтылып, жаштарды аруулукка, туруктуулукка үндөйт”,- деди тасманын режиссёру Камчыбек Илиязов.

Белгилей кетсек, кыргыз киносунун катарын толуктап отурган тасмага биринчилерден болуп Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, аталган фильмдин жаратуучулары, каармандардын жакындары күбө болушту.

Тасманын режиссёру, сценаристи - Камчыбек Илиязов. Кыргыз жеринин ажайып кооз жаратылышынын коюнунда, Түркиянын Анталия шаарында тартылган фильмде башкы каармандардын ролун актёрлор Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов, Айпери Малдыбаева, Альбина Имашова, Айзада Нурматовалар ойношкон.






Туруктуу сүйүүнү баяндаган "Поларис шооласы" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.03.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун тасма экен.Биздин жаштарга сабак болот деп ойлойм
13.03.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыбек Ильязов -аяш атам болот. Башкы ролдогу Чолпон К.Ильязовдун кызы. Тасма сонун тартылган. Баарынарды корууго чакырам.
Медиа-портал
14.03.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул кинону коруп келдим, аябай жакты, кыргыздар да ушундай кино тартып калыптыр ийгилик.Кайра барып да коргум келип жатат.
SUPER.KG видео
24.03.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында жакшы кино!Козумо жаш алдым.Алгы кыргыз фильм!
Медиа-портал
30.03.2015. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага.да.кино.абдан .жакты.Мыкты.тартылган. коргон.адамга.башкача.сезим. калтырган. фильм.болуптур. Жаратуучуларга. ийгилик.мындан. да.сонун.кинолорду. тартып.кыргыз.элине. тартуулай. беришин. кутобуз!
Модератор admin_media түзөттү 2015-03-31 08:57:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: