super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде 10 миң жоопкерчилиги чектелген коом, 600дөй ачык акционердик коом бар

 
Кыргыз мамлекетинде учурда 10 миң жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК), 600дөй ачык акционердик коом (ААК) бар. Муну парламенттин 12-марттагы жыйынында экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. "Биздин өлкөдө ачык акционердик коом түзгөнгө караганда жоопкерчилиги чектелген коом түзүү кыйла жеңил" деген Касымалиев ЖЧКларда Директорлор кеңешин түзүүнү мыйзам аркылуу тактоо үчүн мыйзам долбоору сунушталып жатканын билдирди. Демилгечилер мыйзамдын кабыл алынышы менен ишкананын ишинин көзөмөлдөнүшүнө шарттар түзүлөрүн: коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин, ачыктык камсыз болорун айтышты. 
Депутат Роза Акназарова долбоорго каршы экенин билдирди. "Азыркы мыйзамдарда "ЖЧКлар Директорлор кеңешин түзбөсүн" деген чектөө жок, алар түзөм десе азыркы мыйзамдар менен деле түзө алышат. Бул мыйзам кабыл алынганы менен иштебейт",- деди депутат. 
Касымалиев буга жооп катары: "Мыйзамдарда жоопкерчилиги чектелген коомдордо Директорлор кеңешин түзүүгө боло турганы же болбой турганы жазылган эмес. Ушул нерсени мыйзамдарда көрсөтүп коёлу деп жатабыз. Бирок бул мыйзам жоопкерчилиги чектелген коомдорду Директорлор кеңешин түзүүгө милдеттендирбейт. Каалашса түзүшөт, каалабаса түзбөй эле иштей беришет",- деп билдирди. 

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: