super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 12-мартта Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Жандос Асановду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн өз ара пикир алышуусу үчүн маанилүү аянтча болуп саналган ТүркПА алкагында кызматташууга жогору маани бере турганын баса белгилеп: "Мындай механизм парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу алакаларды арттырууга түрткү берет",- деди.

Төрага кыргыз тарап ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын жыйынын өткөрүүгө даяр экенин айтты.

Катчы Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен бирге Бишкек шаарында адабий котормо боюнча семинар өткөрүп, кыргызча-түркчө жана түркчө-кыргызча сөздүктөрдү, кыргыз жана түрк тилдерин үйрөнүү боюнча окуу китебин иштеп чыгуу чечимине келгенин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынын 2015-жылы Астана шаарында өткөрүү боюнча уюштуруу чараларын, ассамблеянын ишинин негизги багыттарын, бул биримдиктин укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин талкууга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: