Футбол боюнча кыргыз өлкөсүнүн курамасы эл аралык рейтингде 150-орунду ээлеп турат

Футбол боюнча кыргыз өлкөсүнүн курамасы бүгүн, 12-мартта жаңыланган Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 150-орунду ээлеп турат. Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, карамагындагы 146 упайы менен улуттук курамабыз өткөн айдагы көрсөткүчүнөн 1 орун алдыга жылды.
Маалыматка ылайык, Азиянын футбол конфедерациясынын рейтингинде улуттук курама команда 25-орунду ээлейт.
Кошумчалай кетсек, жарыяланган рейтингде алдынкы ондукка Германия, Аргентина, Колумбия, Бельгия, Голландия, Бразилия, Португалия, Франция, Уругвай жана Италия курамалары кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.