super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Сулайманов: "Кыргыз элинин канында эзелтеден эле сөз эркиндиги бар"

 

"Парламенттик демократиянын калыптануу жолуна жаңы Конституциянын негизинде багыт алдык дегенибиз менен, кыргыз элинин канында эзелтеден эле сөз эркиндиги болгон". Мындай пикирди депутат Алтынбек Сулайманов 12-мартта "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. Анын айтымында, парламент – бийлик бутактарынын ичинде эң ачык иштеген институт. 

“Айылдык деңгээлдеги маселе чыкса деле шайлоочулар ошол жергиликтүү бийликке кайрылгандын ордуна дароо Жогорку Кеңешке келүүнү адат кылып алышты. Бул элдин парламенттин ишине болгон ишеними",- дейт эл өкүлү.

Мыйзамдарга улам-улам өзгөртүү киргизилип жатышы тууралуу депутат буларды айтты: "Заман талабына жараша мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду сунуштоого туура келет. Анткени мыйзам кабыл алынып жаткан мезгилде эске алынбай калган учурлар жаңы жагдайлар жаралганда толуктоолор киргизилип турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: