Жогорку Кеңеш Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого кошумча 15 миллион доллар бөлүүгө макулдук берди
Жогорку Кеңеш Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого кошумча 15,1 миллион доллар бөлүүгө макулдук берди. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 12-марттагы жыйынында 3 окууда кабыл алынды. Айта кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого Азия өнүктүрүү банкы 55 миллион доллар бөлгөн. Бирок жолдун курулушундагы катаал климаттык шарт эске алынбай калганы, бул үчүн кошумча акча жумшоо зарылдыгы келип чыкканы айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















