super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ыргал Кадыралиева айлыгы 500 доллар экенин айтты

 
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева өзүнүн айлыгы 500 доллар экенин маалымдады. Парламенттин 12-марттагы жыйынында аскер кызматкерлерине кызматтык үйлөрүн менчиктештирүүгө уруксат бере турган мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Исмаил Исаков долбоор чийки экенин, демилгени колдобой турганын билдирди. Мындан кийин депутат Кадыралиева Исмаил Исаковго кайрылып буларды айтты:
"Сиз аскер тармагынан чыккан генералсыз, аскерлердин турмушун абдан жакшы билесиз. Башкасы каршы чыкса да, демилгеге сизди каршы чыгат деп күтпөдүм эле. Сизде аскердик чиндер бар, депутат катары менден бир кыйла көп маяна аласыз. Менин айлыгым 500 доллар, азыркы курс боюнча. "Өзүңдүн аскериңди баккың келбесе, анда башкалардын аскерин багууга аргасыз болосуң" деген жакшы сөз бар. Бирок аларды автоматтын учун жонуңа такатып алып багасың". 
Спикер Асылбек Жээнбеков айтылган сынды туура кабыл алуу керектигин айтып, Кадыралиеваны мыйзамды толуктап иштеп чыгууга чакырды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: