super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Аида Саляновага жардам берүүдөн баш тартышууда

 
Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку башкы прокурор Аида Саляновага жардам берүүдөн баш тартышууда. Тактап айтканда, Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш ишине байланыштуу депутаттык комиссия түзүү боюнча депутат Феликс Куловдун сунушуна каршы чыгышты. Депутаттар төмөнкүдөй пикир айтышууда:
"Жүздөгөн карапайым адамдардын укугу тепселенип жатканда Аида Салянова "депутаттык комиссия түзүп бергиле" деп парламентке кайрылды беле? Жок. Эми күйөөсүнө кыйынчылык түшкөндө кайрылып жатканы туура эмес". 
"Аида Салянова "менин маселемди карап бергиле" деп арыз жазган жок. Парламентте бул маселени кароого зарылчылык жок".
"Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда бир катар депутаттарга иш козголуп, депутаттык комиссия түзүүгө ошондо Салянова каршы чыккан. Мисалы, Камчыбек Ташиев, Урмат Аманбаева жана башкалар". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: