super.kg logo
  Саясат  

Ысык Көл. Жер титирөөнүн кесепетинен эл 9 миллион 500 миң сом материалдык чыгымга учурады

 

Жарандык коргонуу комиссиясынын алдын ала берген маалыматы боюнча, 2013-жылдын 28-январы күнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан жарандардан жалпы Түп району боюнча 196 арыз түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын ичинен 43 турак үй авариялык абалда, 55 турак үй толугу менен оңдоп-түзөтүүгө муктаж жана 98 турак жай көзөмөлгө алынган. Ал эми Ак-Суу району боюнча бүгүнкү күндө 37 арыз түшүп, 16 үй авариялык абалда болсо, 14 үй толугу менен оңдоп-түзөтүүгө муктаж жана 1 турак үй жашоого жараксыз абалда. Ал эми Тоң району боюнча 56 арыздын ичинен 4 үй авариялык абалда. Каракол шаарында бүгүнкү күндө 33 арыз түштү, алардын ичинен 5 турак үй,  Жети-Өгүз району боюнча 30 арыздын ичинен 5 турак үй Ысык-Көл районунда 8 арыз түшкөн, алардын ичинен 6 турак жай толугу менен оңдоп-түзөтүүгө муктаж. Алдын ала алынган маалымат боюнча, материалдык чыгым 9 миллион 500 миң сомду түзгөн. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө дагы эле жарандардан арыздар келип түшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: