super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы акимдер жана мэрлер атайын окутуу курстарынан өтүшөт

 
12-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев акимдер, айыл өкмөт башчылары жана мэрлер үчүн окутуу курстарын өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каржылык жана башкаруу маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктар берилген. Айыл өкмөтүнүн жоопкерчилиги канчалык жогору болсо, биз ошончолук натыйжаларга ээ болуп, элдин бийликке болгон ишенимин ошончолук деңгээлде жогорулатабыз",- деди Оторбев.
"Отчёттуулукту күчөтүү үчүн жетекчилердин жеке иш, милдеттенмелер планы боюнча иштөө тутуму иштелип чыккан, оң жыйынтык берүүдө. Быйыл бардык айыл өкмөт башчыларына жеке иш планын иштеп чыгуусун тапшырдык",- деген өкмөт жетекчиси пландар сапаттуу түзүлүшү керектигин белгиледи. 
Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кошумча билим берүү институту тарабынан саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген кызматкерлерди окутуу боюнча атайын план иштелип чыкканын билдирет. 2015-жылы 117 адам: акимдер, алардын орун басарлары, республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги шаар мэрлери окутулат. Окутуу жыл ичинде КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жана КРнын Президентинин Ош шаарындагы Мамлекеттик түштүк резиденциясында өткөрүлмөкчү.
Өкмөт башчы машыктыруулардын кесипкөйлүгүнө олуттуу көңүл буруу керектигин билдирди. “Окутуу натыйжасы иш жүзүндө көрүнүшү абзел. Кызматкерлер үчүн окутуулар алгач ирет жүргүзүлүүдө жана биз үзгүлтүксүз окутуу тажрыйбасын улантуубуз керек",- деди премьер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: