Бурятиядагы кыргыз жарандары ал жердеги консулдук алардын патент маселесин чечпегенине нааразы



Бурятиядагы кыргыз жарандары ал жердеги консулдук алардын көйгөйүн чечпегендигине нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Интернеттен алынган
Анын айтымында, Орусиянын субъектилеринин бир гана Бурятия Республикасында патент системи 19- февралдан 1-июлга чейин токтотулган. "Мекендештер акчанын баарын сынак тапшырууга, медициналык текшерүүдөн
өтүүгө, камсыздандыруучу полис алууга сарптап, эми же иштей албай, же кайра кете албай калышты. Жашоо
кыйын болуп жатат. Көбү ID-карта менен келишкен. Бирок жалпы жарандык паспорт (загранпаспорт - ред.) менен гана кетүүгө мүмкүн",- дейт Абжамилов.
"Бул маселе боюнча консулдукка кайрылсам, "Болбогон маселе боюнча эле чала бересиңерби?!" деп жооп кайтарышты. Бир нерсе айтсаң эле "өкмөткө кайрылыш керек" дейт, бирок ал өкмөттүн өкүлү экенин билбейт окшойт. Ошентип консулдуктан жыйынтык күтпөй эле калдык. Маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылабыз",- деп кошумчалады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.