Борбор калаада 5-республикалык Куран айтуу боюнча жарыш болуп өттү







Кечээ, 12-мартта борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 5-республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Анда 15 жаштан 25 жашка чейинкилер арасында 28 катышуучу болду. Куранды толук жаттагандар, Курандын үчтөн бир бөлүгүн жаттагандар жана көркөм окуу боюнча үч багытта жарышты. Сынакка өлкөнүн 7 дубанынан тандалып алынган жеңүүчүлөр гана катышты. Анын байге фонду 1 миллион 65 миң сомду түзүп, байгелүү орундар үчүн 20 миң сомдон 200 миң сомго чейинки суммадагы сыйлык каралды",- деп айтылат маалыматта.
Иш-чара "Адеп башаты" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, египеттик атактуу кары шейх Махмуд аль-Тухий жана белгилүү аалымдар катышты.


