Бишкекте “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери масштабдуу түрдө кайра уланууда
Бишкекте “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери масштабдуу түрдө кайра уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-март күнү "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда эсептегичтерди орнотуу борбор калаабыздын төрт районунда тең жүргүзүлүп жатат: Патрис Лумумба, Горький, Интергельпо, Январская, Жигулёвская, Юнусалиев, Матросов, Алматы, БЧК көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда, 110-кварталда, Сумской тар көчөсүндө.
12-мартка карата Бишкек шаарынын турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 67 923 электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системине кошулган электр эсептегичтери орнотулду.
Азыркы тапта эсептегичтер менен борбор калаабыздын Киргизия-1, Ынтымак, Кызыл-Аскер, Ала-Тоо, Тынчтык, Арча-Бешик, Ак-Өргөө, Көлмө, Алтын-Бешик, Көк-Жар, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Учкун, Бакай-Ата, Дордой, Келечек, Эне-Сай, Ак-Тилек, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Салам-Алик, Алтын-Ордо, Ак-Босого, Жеңиш конуштары, Жумушчулар шаарчасы, "Чыгыш" райондук электр тармагы, “Шоро”, "Аламүдүн базары", Чыгыш жана Батыш автобекеттери, мурунку физприбор заводу ("Дастан"), эски аэропорт тарап, Малдыбаев жана бир катар башка көчөлөрү камсыздалган. Мындай эсептегичтер Бишкектеги 2100 өндүрүш объектисине да орнотулган.
Эске салсак, “Түндүк электр” ишканасында эсептегичтерди орнотуу иштери Бишкек шаарынын жеке тармактарын чыңдоо жана электр бөлүштүрүү натыйжасын жогорулатуу инвестдолбоорлордун чегинде 2013-жылдын сентябрь айында башталган. Бардыгы болуп Бишкек шаары боюнча 2015-жылдын аягына чейин 110 136 “акылдуу” эсептегич орнотулат, алардын ичинен:
93 миң – жеке жашоо секторуна;
14 636 - өндүрүш абоненттерине;
2500 – көп кабаттуу үйлөргө жалпы үйгө колдонулган электр энергиясынын балансын маалымдоо катары орнотулат.




1 |