super.kg logo

Караколдо кармалган аял өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын карыздарын төлөө үчүн уурдаганын айтты (фото)

 

Каракол шаарында өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын уурдаган аял карыздарын төлөө үчүн ушундай жолго барган. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-март күнү саат 19:00 чамасында милиция кызматкерлерине 28 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 7 жаштагы кызы сабактан кийин дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал эми ошол эле күнү саат 20:00 чамасында 35 жаштагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз адамдар 8 жаштагы кызын уурдап, 10 миң доллар жана 300 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, экинчи арыздануучунун карыздары көп болгону белгилүү болгон. Мындан улам ал шектүү катары суракка алынганда, карыздарын төлөө үчүн ушундай ишке барганын моюнуна алган.

Анын айтымында, ал жасалма мурут чаптап биринчи өз кызын, андан соң кайын сиңдисинин кызын уурдаган. Алардын буту-колун скотч менен байлап, Кызыл-Суу айылындагы эски үйгө камап, өзү шектүү болуп калбайын деп Каракол шаарына кетип калган. Эки кыз муздак тамда бир түн болушкан. Кийинки күнү аларды малчы көрүп калып, милицияга кайрылган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
13.03.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар не олгону калганбы озунун баласын уурдап тообо. кантип дити барды жалгыз тамга муздак жерге камап койгону мээрим деген кайда
13.03.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш боор эне!!! Оз баласын кантип таштап кетет?!
13.03.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз жетишпейт окшойт да.
13.03.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет.
13.03.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххххх адамдарга эмне болуп баратат туугандар кайда бара жатабыз. Уройду учурган окуялар тез тез болуп жатат.
13.03.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кино коп коргон неме го жасап коргусу келген окшойт да
13.03.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо, ушунчалык да мээримсиз болобу.
13.03.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүнүн кызын уурдап кимден акча талап кылгын?
13.03.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми озун ошол жерге камап сурак алыныздар таш боор энени
13.03.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшектин эти ,Кара-колгода жетиптирдаа
13.03.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул эне соройду жазаласа экен!!! Ушунун баары Кыргызстанда жазанын жетишсиздиги.
13.03.2015. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заложница киносун жарымын коргондо свет очуп калган окшойт
13.03.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчоле кино го,тообо кылдым.Уят!
13.03.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурут чаптап алганын карасан,кино жолдо калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: