"Ата Мекендин" депутаттары Нарындын тургундары менен жолугушат
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары 14-15-март күндөрү Нарын жана Ак-Талаа райондорунда жыйын өткөрүшөт. Анда жергиликтүү тургундардын турмуштук көйгөйү, бийик тоолуу аймактардын чечилбей жаткан маселелери талкууланат. Фракциядан билдиришкендей, аймакка фракция лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Бактыбек Калмаматов, Абдимуктар Маматов, Наталья Никитенко барганы жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, "ата мекенчи" депутаттар буга чейин Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жыйын өткөрүшкөн. Жыйындардын максаты партиянын республикалык курултайын өткөрүүгө даярдык экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

