super.kg logo

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Тажикстандагы кесиптештери менен экстремизм жана терроризм маселелерин талкуулашты

 

Кечээ, 12-март күнү ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери Тажикстандын Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын орган адамдары менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-аракеттерди талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-мартта билдирди. Маалыматка караганда, эки өлкөнүн милиция кызматкерлери өз ара тажрыйба алмашуу менен катар замандын актуалдуу деген көйгөйлөрүнө туруштук берүү боюнча методдорду иштеп чыгышты.

Ошондой эле КРнын ИИМинин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз мамлекетинин Тажикстандагы атайын ыйгарым өкүлү Мирослав Ниязов менен жолугушуп, Жакынкы Чыгыштагы диний кырдаалдарды талкуулашты. 

Жумушчу сапар Тажик Республикасында окуган кыргыз студенттери менен жолугушуу менен уланды. Студенттерге радикалдык исламчыларга берилип кетпөө боюнча лекциялар окулду.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: