"Ажылык сапарга барып келүү үчүн биздин жарандарга өтө арзан шарттар каралган" дейт муфтийдин орун басары



"Ажылык сапарга барып келүү үчүн биздин жарандарга өтө арзан шарттар каралган". Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта маалымат жыйынында кыргыз жериндеги мусулмандар муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев билдирди.
“Ажылыкка алып барып келүү өтө түйшүктүү иш. Былтыр бир кишинин ажылыкка барып келүүсү 2300 долларды түзгөн. Мунун айланасында да көп талаштар болгон, айрымдары мындан арзан акчага барып келүүгө болот деп айтып чыгышкан эле. Бирок биздин өлкө дүйнө боюнча эң арзан чыгым кетирет. Мисалы, Казакстанда ажылык сапарга барып келүү 3 миң доллардан кем эмес. Ал эми Тажикстанда анын баасы 5 миң долларга чейин жетет”,- деди Замир кары Ракиев.
Андан тышкары муфтийдин орун басары кыргыз жарандарынын парзын аткаруусу үчүн жеңилдиктер каралганын айтты. "Орто Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү үчүн акыркы 15 жылдан бери жеңилдиктер каралган. Алардын арасында биздин жарандар да бар. Ажылык сапарга баргандар 1 ай бою бекер жатактарда жашашат. Аны ал жактагы колунда бар жарандар бекер беришет. Ал эми ошол эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан баргандар мейманканалардан орун алып, ага 1-2 миң доллар акча коротушат”,- деди Замир кары Ракиев.



Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.