super.kg logo

Түп районундагы жергиликтүү кеңештин жыйынында жазгы талаа иштерине байланыштуу көйгөйлөр каралды

 

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аймак башчылары жана жетекчилердин катышуусу менен Түп районунда жергиликтүү кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу 13-мартта облустагы өкмөт өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Түп районунун акими Ишен Кожалиев 2014-жылга карата "Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын" аткарылышы жөнүндө өтчёт берип жана 2015-жылдагы пландарга токтолду. Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү учурда жазгы талаа иштеринин тийиштүү деңгээлде аткарылышы маанилүү экендигин белгиледи. "Үрөн маселеси былтыркы жылдын кургакчыл болгондугуна байланыштуу курч бойдон турат. Түп району боюнча дан эгиндери 2013-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 18 608 тоннага аз жыйналган",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: